Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Ага ылайык, алдын ала маалыматтар боюнча Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда болгон силкинүүдө миңден ашуун турак-жайлар, ондогон социалдык объекттер жабыркаган. Негизинен Тоң району жапа чеккени айтылууда.
Жер титирөө 14-ноябрда саат 7:30 чамасында болуп, анын күчү очогунда 7 баллга жеткен.(ZKo)