Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:47

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду боюнча келишимге кол коюлду


Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, келишимге каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков менен Орусиянын каржы министринин орун басары Сергей Сторчак кол койду. Бишкекте өткөн кол коюу аземине президент Алмазбек Атамбаев катышты. Президент бул фонддун Кыргызстандын интеграциялык жараянга кошулуусундагы мааниси чоң экенин белгиледи.

Быйыл 29-майда Астанадагы саммитте Бажы биримдигинин түзүүчүлөрү Орусия, Казакстан жана Беларус Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү мөөнөттөрү жана шарттары боюнча жол картасын кабыл алган. Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө жардам берүүгө Орусия убада кылган. Эки өлкөнүн экономика министрлери кол койгон келишимге ылайык, Кыргызстанда Өнүктүрүү фонду түзүлүп, ага Орусия 1 млрд. доллар бөлмөк болгон. Орус тарап ошондой эле Кыргызстанга 200 млн. доллар грант бөлүүнү чечкен. (BkA)

XS
SM
MD
LG