Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:08

Каза тапкан жоокердин өлүмүнө шектүү эки адам сурак берүүдө


Бишкектеги № 97632 Абадан коргонуу аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жүргөн жоокер Бактияр Көчөрбаевдин өлүмүнө шектүү катары эки адам сурак берүүдө. Бул тууралуу Бишкек гарнизонунун аскер прокурору Азамат Мамбетов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында 22-ноябрда болжол менен түнкү саат 11 чамасында атылган октон улам ефрейтор Көчөрбаев ооруканага жетпей каза тапкан. Бул боюнча Куралдуу күчтөрдүн башкы штабы менен биргеликте Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасынын кызматкерлери иликтөө жүргүзүүдө. Анын негизинде 23-ноябрда кылмыш иши козголду. Учурда тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп жатат.

Буга чейин Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынан гвардия лейтенанты А.Турматов ефрейтор Көчөрбаевди кокусунан атып алганы кабарлаган эле.

Каза тапкан Бактияр Көчөрбаев Нарындын Ормон Хан айылынын тургуну болчу. Ал № 97632 аскер бөлүгүндө аскердик милдетин өтөгөндөн кийин бир жылдан ашуун убакыттан бери келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөн. (ECh)

XS
SM
MD
LG