Оштогу облустук акимиаттын алдына нааразылык акциясы менен чыккан Канжар Кадыралиевдин жакындарын өкмөттүн облустагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков кабыл алды. Аймактагы кабарчыбыздын билдиришинче, жолугушууда акцияга чыккандар Кадыралиевге козголгон кылмыш иш мыйзамсыз экенин айтып, аны үй камагына чыгарууну суранды. Өкмөт өкүлү бул ишке кийлигишүүгө укугу жоктугун, аны сот гана аныктарын билдирди.
Өзгөн районунун бир нече тургуну опузалап акча талап кылды деп Канжар Кадыралиевге каршы арыз жазган болчу. Буга байланыштуу Башкы прокуратура өткөн апта башында Канжар Кадыралиевге кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон. Андан соң Ош шаардык милициясы Кадыралиевге издөө жарыялаган. Милиция кылмышка шектүүнүн туруктуу жашаган жерине келбей жатканын, учурда анын кайда экени белгисиз болуп жатканын билдирүүдө. (ErN/BkA)