Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Чыңгыз Шамшиевдин иштен алыныш себептери аталды


Чыңгыз Шамшиевдин Башкаруу академиясынын жетекчилигинен алынышына тил маселеси гана эмес, аталган окуу жайга мамлекеттик кызматкерлерди кайра даярдоо боюнча коюлган талаптар аткарылбай калганы себеп болду. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" президенттик аппараттын Мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнүн башчысы Максатбек Сазыкулов билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик кызматкерлерди окутуу, алардын билим деңгээлин жакшыртуу боюнча коюлган талаптар аткарылган жок.

Бүгүн президенттин жарлыгы менен Башкаруу академиясынын жетекчилиги алмашты. Окуу жайды 2012-жылдан бери жетектеп келген Чыңгыз Шамшиевдин ордуна Алмаз Насыров дайындалды. Окуу жайдын маалымат кызматы көптөгөн алгылыктуу иштер жасалганын айтып билдирүү таратты, бирок Шамшиев өзү комментарий берүүгө макул болгон жок. Маалым болгондой, анын ишине негизги сын окуу жайда кыргыз тили басмырланып жатканына байланыштуу айтылып, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев муну текшерүүну атайын комиссияга буюрган. (RK)

XS
SM
MD
LG