АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Венада Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен жолукту. Бул күндөрү Австрия борборунда дүйнөлүк державалар жана Тегеран ядролук программа боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү улантууда. Мунун алдында Керри Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолуккан.
Дүйнөлүк державалар 24-ноябрга чейин Тегерандын ядролук программасы боюнча келишимге жетишилет деп үмүт кылышкан. Бул күн соңку мөөнөт катары чектелген. Эгер бүгүн түнгө чейин тараптар мунаса таба албаса анан мөөнөтүн узартууга аракет кылышары айтылууда. (КЕ)