Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:05

Укук коргоочу Лейла Юнустун ден соолугу начарлоодо


Бул тууралуу укук коргоочу Лейла Юнустун адвокаты Элчин Камбаров «Азаттыктын» азербайжан кызматына билдирди. Дарыгерлер ага боор оорусу жана канында канттын деңгээли жогорулап, кан басымы көтөрүлүп кеткенин билдиришкен. Камбаров медициналык көзөмөлдөн өтүү боюнча Юнустун өтүнүчүн тиешелүү мекеме кабыл албай койгонун айтты.

Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү Лейла Юнусту оор кылмыштарга айыптап, ушул жылдын июль айында шаар четиндеги үйүнөн кармап кетишкен. Октябрдын соңунда анын абак мөөнөтү төрт жылга узартылган.

57 жаштагы Лейла Юнус Бакудагы өзү түптөгөн Тынчтык жана демократия институтун жетектейт жана көп жылдардан бери армениялык өнөктөштөрү менен элдик дипломатия аркылуу эки эл арасындагы мамилени жакшыртууга салым кошуп жаткан. Ал өз өлкөсүндөгү адам укуктарынын бузулушун сындап келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG