Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:39

Тегерандын өзөктүк программасы боюнча макулдашуу кийинкиге жылышы мүмкүн


Ушул күнү Венада дүйнөлүк державалар жана Тегеран ядролук программа боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү улантууда. Бүгүн Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча туруктуу макулдашуу түзүү үчүн мерчемделген мөөнөт аяктоодо. Европа убактысы боюнча түн ортосуна чейин макулдашуу жетишилбесе, тараптар мөөнөттү дагы узартышы мүмкүн. Сүйлөшүү кийинки айда уланышы ыктымалдыгын өздүк булактарга таянып, “Ассошейтед пресс” агенттиги жазды. Кайсы шаарда уланары азырынча айтылган эмес. Reuters агенттиги кийинки жолугушуу 24-декабрда, Оманда уланышы мүмкүн экенин жазды. Аты аталбаган дипломаттын белгилешинче, ядролук программа боюнча туруктуу макулдашуу түзүү мөөнөтү 2015-жылдын 1-июлуна чейин жылышы ыктымал.

Иран уран байытуу процессин кыскартса, Ислам жумуриятына каршы киргизилген санкциялар жеңилдетилмекчи. Тегеран ядролук куралдын үстүнөн иштеп жатат деген эл аралык коомчулуктун дооматтарын четке кагып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG