Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:49

Лейтенант аткан ок жоокердин өмүрүн алды


Бактияр Көчөрбаев. Сүрөттөр Бактиярдын Одноклассники сайтындагы баракчасынан алынды.
Бактияр Көчөрбаев. Сүрөттөр Бактиярдын Одноклассники сайтындагы баракчасынан алынды.

22-ноябрдын кечинде Бишкектеги Абадан коргонуу аскер бөлүгүндө келишимдик негизде кызмат өтөгөн жоокер Бактияр Көчөрбаевге ок тийип, каза болду.

Аны ушул эле аскер бөлүктүн кызматкери, алдын ала маалыматтар боюнча мас абалындагы лейтенант башка бир офицердин тапанчасы менен атып алган.

Кырсыкка себеп болгон Макаров тапанчасы

Каза болгон жоокер Бактияр Көчөрбаев Бишкектеги № 97632 Абадан коргонуу аскер бөлүгүндө келишимдик негизде бир жылдан ашуун убакыттан бери кызмат өтөп жаткан. Ага 22-ноябрда түнкү саат 12лерде ок тийип, ооруканага жетпей көз жумду.

Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын Маалымат менен камсыздоо башкармалыгынын башчысы, полковник Азамат Дүйшөнбеков ефрейтор Көчөрбаевди өзүнүн кесиптеши, лейтенант наамындагы аскер атып алганын "Азаттыкка" билдирди.

- 22-ноябрда кечки саат 23:55терде гвардия лейтенанты А. Турматов Макаров тапанчасы менен келишимдик негизде кызмат өтөгөн Көчөрбаевди кокустан атып алган. Окуя болгондон кийин ооруканага алып бараткан учурда Көчөрбаев каза тапкан. Лейтенант А.Турматовго кылмыш иши козголуп, сурак берүүдө.

Бул окуяга байланыштуу Куралдуу күчтөрдүн башкы штабы менен Аскер прокуратуранын Бишкек гарнизонунун кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Бишкек гарнизонунун аскер прокурору Азамат Мамбетов тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп, жоокердин өлүмүнө шектүү катары эки адам учурда сурак берип жатканын маалымдады.

- Окуя болгон жерден соттук-медициналык, баллистикалык, техникалык ж.б. тийишттүү экспертизалар жүргүзүлдү. Натыйжада 23-ноябрда Кылмыш кодексинин бир нече беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары эки адам кармалып, сурак берүүдө.

Азамат Мамбетов тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу окуя боюнча кармалган аскер адамдарынын аты-жөнү толук айтылбай турганын кошумчалады.

Көчөрбаевдин каргашалуу нөөмөтү

Каза болгон жоокер Бактияр Көчөрбаев ошол каргашалуу түнү рота боюнча нөөмөтчү болуп, аскердик кызматын аткарып жаткан.

Бактияр Көчөрбаев №97632 Абадан коргонуу аскер бөлүгүндө келишимдик негизде 2013-жылдан бери кызмат өтөп келген. Бактияр Көчөрбаев солдон биринчи.
Бактияр Көчөрбаев №97632 Абадан коргонуу аскер бөлүгүндө келишимдик негизде 2013-жылдан бери кызмат өтөп келген. Бактияр Көчөрбаев солдон биринчи.

Айрым маалыматтарда айтылганга карганда, Көчөрбаевге ок чыгарган офицер А.Турматов мас абалында болгон жана ал күнү график боюнча аскер бөлүктө болбоосу керек эле. Лейтенант Турматов нөөмөттөгү башка офицердин тапанчасы менен ефрейторду атып алганын Аскер прокуратуранын Бишкек гарнизонунун тергөөчүсү Айбек Тажиев журналисттерге билдирди.

- Лейтенант А.Турматов мас абалында келип, ошол күнү нөөмөттө турган офицердин куралын сурап алып, ойноп атып алат.

Ошол күнү кызматта болбогон офицер аскердик бөлүккө кандайча кирип, нөөмөттөгү башка офицердин куралы менен келишимдик негизде кызмат өтөгөн жоокерди кандай кырдаалда атып салганы белгисиз бойдон калууда.

Бактияр жакында үйлөнөм деп жүргөн эле

​Каза болгон жоокер Бактияр Көчөрбаев Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ормон хан айылынын тургуну болгон.

25 жаштагы Бактияр Көчөрбаев жакында үйлөнөрүн туугандарына айтып келген.
25 жаштагы Бактияр Көчөрбаев жакында үйлөнөрүн туугандарына айтып келген.

​Ал 2009-2010-жылдары Улуттук гвардияда аскердик милдетин өтөгөн. Андан кийин үч жылга жакын ар кандай жумуштарда иштеп жүрүп, 2013-жылы Бишкектеги № 97632 Абадан коргонуу аскер бөлүгүндө келишимдик негизде иштей баштаган. Агасы Чынарбек Жумабаевдин айтымында, 25 жаштагы Бактияр жакында үйлөнөрүн туугандарына айтып жүргөн.

- Улуттук гвардияда аскердик милдетин өтөп келгенден кийин үч жылдай ар кандай жумуштарда иштеп жүрдү. Андан кийин аскер кызматкери болууну самап, бир жылдан ашуун убакыттан бери Абадан коргонуу аскер бөлүгүндө кызмат кылып жаткан. Азыр бизге анын өлүмү тууралуу ар кандай божомолдорду айтып жатышат. Кандай кырдаалда каза болгонун азырынча так биле элекпиз. Жакында үйлөнөм деп жүргөн. Бактияр жайдары, шайыр жигит эле. Чыр-чатакка жакын эмес болчу.

Каза болгон ефрейтор Бактияр Көчөрбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 25-ноябрда өзү туулуп өскөн айылында болот. Кыргыз армиясында жоокерлердин табышмактуу жагдайда каза болуусу жыл сайын орун алып келет.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG