АКШнын Коргоо министри Чак Хейгел кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын америкалык маалымат каражаттар администрациядагы булактарга таянып жазышты. Ошондой эле президент Барак Обама Пентагон башчысынын арызын кабыл алганы белгиленген. Мурдагы сенатор-республикачы Хейгел Коргоо министрлигин 2013-жылдан бери жетектеп келаткан.
Анын кызматтан кетишин АКШда жакында болгон Сенат шайлоосуна жана Ооганстандагы аскерий компанияларга, “Ислам мамлекети” радикал уюмуна каршы күрөшүү операцияларына карата айтылган сындарга байланыштырып жатышат. Хейгел Пентагонго жаңы жетекчи келмейинче ишин улантат. (КЕ)