Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Араванда Сирияга кетип жаткандарды тыюуга арналган жыйын болот


Жыйынга жергиликтүү жана облустук күч кызматтарынын өкүлдөрү, тиешелүү эксперттер, айыл аксакалдары, ата-энелер, жаштар жана мектеп окуучулары катышат. Аларга УКМКнын өкүлдөрү Сирияда, Иракта болуп жаткан согуш тууралу так маалыматтарды берип, видеотасмаларды көрсөтүшөт. Жыйындын катышуучулары каалаган суроолоруна жооп ала алышат.

Ош облусунан Сирияга согушка кеткендердин көпчүлүгү Араван районунун тургундары.

Жалпысынан Кыргызстандан Сириядагы согушка кеткен жарандардын саны 200 чамалуу. Айрымдар келинчектерин да чакыртып алган, кээ бирлери үй-бүлөлөрүн толугу менен алып кетишкени тууралуу маалыматтар бар. Акыркы убакта Борбор Азиядан Сирияга азгырылгандардын саны арбып жатканы айтылууда.(YI;ZKo)

XS
SM
MD
LG