Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:36

Аял укугуна арналган 16 күндүк өнөктүк башталды


25-ноябрь аялдарды зомбулуктан коргоо күнүнө байланыштуу бүгүн башталуучу иш-чара 10-декабрда адам укугун коргоо күнүндө аяктайт. 16 күндүктүн алкагында өлкө боюнча жүзгө жакын иш-чаралар болот. Укук коргоочу уюмдар, “Аялдарды жана кыздарды зомбулуктан коргоо” улуттук кыймылынын мүчөлөрү тарабынан зомбулук маселесине коомчулуктун көңүлүн буруу, андан жабыркагандарга ар тараптуу жардам берүү механизмдерин жандандыруу аракеттери жүрөт.

Акыркы жылдары Кыргызстан гендерлик теңчиликти камсыздоо жана аялдардын укугун коргоо боюнча бир катар эл аралык жана улуттук милдеттенмелерди кабыл алган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG