Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Легендарлуу машыктыруучу Виктор Тихонов дүйнөдөн кайтты


Виктор Тихонов Москвадагы ооруканалардын биринде дүйшөмбүгө караган түнү көз жумган. Бул тууралуу Москванын ЦСКА хоккей клубунун башкы директору Игорь Есмантович билдирди. Тихонов 85 жашта болчу, маалыматтарга караганда ал акыркы айларда төшөктөн турбай жатып калган.

Тренер менен коштошуу качан, кайсы жерде болору азырынча белгисиз.

Виктор Тихонов СССРдин хоккей боюнча курама командасын жетектеп турган учурда команда сегиз ирет дүйнө чемпионатын, үч жолу Олимпиада оюндарын жеңип алган. Союз кулагандан кийин ал 2004-жылга чейин Орусиянын курама хоккей командасынын машыктыруучусу болгон.

XS
SM
MD
LG