Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:33

Ош: таанышын сексуалдык кулчулукка саткан аял кармалды


Өз таанышын түрк жаранына беш миӊ долларга сексуалдык кулчулукка саткан аял Кара-Суу районунан кармалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык милициясы кабарлады. Маалыматка караганда Айнура атуу аял таанышын үй жумушчусу болосуӊ деп алдап, Түркиянын Мустафа аттуу жаранына сатып жиберген. Ал аял Мустафанын колунда сексуалдык кулчулукта үч ай иштөөгө аргасыз болгон. Акыры качып келип, аны алдап саткан таанышынын үстүнөн арыз жазып шаардык милицияга кайрылган. Учурда адам сатуу кылмышына айыпталып кармалган 41 жаштагы Айнура Ош шаардык ИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалган.(YI;ZKo)

XS
SM
MD
LG