Линктер

шейшемби, 27-июнь, 2017 Бишкек убактысы 11:31

Нарын суусуна боюн таштаган жаран куткарылды


Бүгүн эртең менен Нарын шаарынын куткаруучулары дарыяга боюн таштаган жаран, 24 жаштагы жергиликтүү тургун Кадырбек уулу Аскатты өлүмдөн сактап калышты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" кабарлашынча, ал бир туугандарына таарынып, Нарын дарыясына секирип кеткен. Денесин муздак суудан үшүк алган Кадырбек уулу Аскат тез жардам кызматы менен шаардык ооруканага жеткирилген. (RK)

XS
SM
MD
LG