Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:50

Жеке детектив боюнча мыйзамды өзгөртүү сунушталууда


Кыргызстанда жеке детективдик ишмердүүлүк менен алектенгендер боюнча мыйзамды өзгөртүү сунушталууда. Бул тууралуу мыйзам долбоор бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы комитетинде талкууланып, үчүнчү окууда жактырылды.

Депутат Галина Скрипкинанын айтымында, жеке детектив жана күзөт жаатында алектенгендерге лицензия алуу талабы коюлбайт.

- Алар ишмердүүлүгүн Улуттук статистика комитетинен күбөлүк гана алып, милициядан лицензия албай жүргүзө берсе болот деп сунушталууда, - деди депутат.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда бүгүнкү күндө 115 жеке күзөт агенттиги иштеп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG