Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

«Бүтүн Кыргызстан» жана «Бир Бол» партиялары биригет


Бул тууралуу аталган эки партия бүгүн биргелешкен билдирүү таратты. Анда эки партия өлкөнүн бүтүндүгүн, элдин биримдигин камсыз кылуу, пайда болуп жаткан коркунучтарга жана кыйынчылыктарга бирге каршы туруу үчүн бириккенин жарыялады.

"Өлкөдө жана дүйнөлүк мейкиндикте өкүм сүрүп жаткан окуяларды эске алуу менен кыргыз мамлекетинин, элибиздин алдында жоопкерчиликти сезип, кайдыгер карап тура албай, өлкөбүздүн бүтүндүгүн, элибиздин биримдигин камсыз кылуу, пайда болуп жаткан коркунучтарга жана кыйынчылыктарга бирге туруу, эл аралык аренада Кыргызстандын кадыр-баркын көтөрүү, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында бул эки партия биригүү жөнүндө кадам ташташканын жарыялайт" деп айтылат билдирүүдө.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясын Адахан Мадумаров, ал эми “Бир Бол” партиясын Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов жетектейт.

Буга чейин “Ата Журт” жана “Республика” партиялары бириккен эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG