26-ноябрда түнкүсүн Нарын облусунда жана Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында айрым жерлерде кар жаайт, башка облустарда жаан-чачын жок. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым аймактарына туман түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -6...-11, күндүз 0...-5,
Таласта түнкүсүн -8...-13, күндүз -2...-7,
Баткенде түнкүсүн -2...-7, күндүз -2...+3,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -4...+1, күндүз 0...5,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...-5,
Нарында түнкүсүн -6...-11, күндүз -1...-6,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15...-20, күндүз -5...-10 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз -1…-3 градус болот.