Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:57

Баткенде студенттер арасында дин боюнча түшүндүрүү иштери жүрөт


Бул тууралуу "Азаттыкка" Баткен районунун имамы Нуридин ажы Мамасабыров билдирди. Анын айтымында Коргоо кеңешинин чечимине ылайык ушул жумада Мамлекеттик дин комиссиясынын өкүлдөрү жана диний адистер Баткен облусундагы студенттер жана чек ара бөлүктөрүндөгү жоокерлер менен жолугушуп, салттуу дин жана диний агымдар, диний экстремизм тууралуу лекция окуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Бул аракет өлкөдөгү диний коопсуздукту камсыз кылуу жана ар түрдүү тыюу салынган агымдардын азгырыгынан жаштарды коргоо максатын көздөйт. (JsA)

XS
SM
MD
LG