Кумтөр кени боюнча “Центерра Голддун” жетекчилиги менен кезектеги сүйлөшүүнүн мөөнөтү аныктала элек. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ишканасынын президенти Токон Мамытов “Азаттыкка” бүгүн билдирди. Анын айтымында, Кумтөр боюнча эки тарап эксперттердин деңгээлинде сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Кыргыз тарап негизги келишимдин долбоорун даярдап Канадага жиберген. Азырынча ага жооп келе элек. Буга чейин эки тарап октябрь айында Москва шаарында сүйлөшүүлөрдү өткөргөн эле.
Ушул жылдын февраль айында Жогорку Кеңеш Кумтөрдө үлүш теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишимди жактырган. Эми дагы кошумча 10дон ашык келишим түзүлүп, аны парламент жактырышы керек. Бул үчүн парламент 15-декабрга чейин өкмөткө убакыт берген. (BkA)