Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:06

Парламент Бажы биримдигине кошулуу боюнча мыйзам долбоорду карап жатат


Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйында Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулушу боюнча мыйзам долбоорлорду үчүнчү окууда карап жатат. Анда негизинен бажы жана салык төлөмдөрүн Бажы биримдигинин шарттарына ылайыкташтыруу каралган. Буга чейин Жогорку Кеңеш бул жаатта 16 мыйзамды кабыл алган болчу.

Кыргызстан Бажы биримдигине кошулганга чейин 100гө жакын укуктук-нормативдик актыны биримдиктин шартына ылайыкташтырышы зарыл.

Өткөн аптада премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык биримдигине кошулушу тууралуу маселе 23-декабрда Евразия экономикалык комиссиясынын жыйынында караларын маалымдаган. (BkA)

XS
SM
MD
LG