Башкы прокуратура быйылкы жылдын тогуз айында мамлекеттик органдарда коррупциялык мүнөздөгү 869 кылмышты аныктады. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматынан кабарлашты. Бул сан былтыркыга караганда 116 ишке аз. Коррупциялык кылмыштардын көпчүлүгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына туш келген жана 300гө жакын кылмыш катталган. Андан соң көп коррупциялык кылмыш катталган органдардын катарына Билим берүү министрлиги, Мамлекеттик каттоо кызматы жана Ички иштер министрлиги кирген. Ал эми жемкордук боюнча кылмыш аз катталган сот органдары деп табылган.
Президент Алмазбек Атамбаев бийликке келгендеги эң башкы максаттарынын бири коррупцияга каршы күрөш экенин жарыялап, бул маселени эки ирет Коргоо кеңешинин жыйынына алып чыккан. Анда президент өлкөдөгү жемкордукка каршы күрөштө эч кимге кечирим болбой турганын эскерткен. Бирок оппозиция бийликтин бул күрөшүн тандалма жол менен жүрүүдө деп сыпаттап, өлкө башчы өз айланасындагылардын былыктарына көз жумуп жатат деп сындап келет. (BkA)