Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Инчхондо операция болгон кыргызстандык балдар үйүнө кайтууда


Жүрөктүн кемтик оорусу менен жабыркаган алты кыргызстандык наристе Түштүк Кореянын Инчхон шаарында операция болду. Ошол жактагы кыргыз элчилигинин өкүлдөрү алардын абалын көрүп келгенин бүгүн Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Жүрөгүнөн операция болгон 1 жаштан 7 жашка чейинки алты наристенин бешөө кеээ, 25-ноябрда Кыргызстанга сапар алды. Алтынчысы 2-декабрга чейин дагы дарыланмай болду. Гил клиникасынын дарыгерлери операцияны жаңы технология боюнча бекер жасап беришти.

Мындай жардам корей тараптан Бишкек менен Инчхон шаарларынын ортосундагы кызматташтык тууралуу келишимдин негизинде ишке ашты.

Соңку эки жыл аралыгында Түштүк Кореяда кыргызстандык 20 бала акысыз дарылануудан өткөн. Операция үчүн бир адамга 20 миң доллардын тегерегинде каражат сарпталат.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдар саны көбөйүүдө. Ошондой эле бул дарттан чарчап калган балдар жана майып болуп калгандар 20 пайызга чейин өскөнү өткөн жылкы отчеттордо айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG