Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Азиздер жана дүлөйлөр коомунда Эл акыны Дүйшеевдин кечеси өттү


Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев бүгүн Бишкекте Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү менен жолугуп, чакан чыгармачыл кече уюштурду. Кечеде анын былтыр жарык көрүп, учурда окурмандар арасында чоң кызыгуу жаратып жаткан "Агындылар" китеби, жалпы чыгармачылыгы, мамлекеттик тил маселеси тууралуу талкуу болду.

Былтыр алгач 1000 нускада чыккан “Агындылар” кийин дагы эки жолу кошумча басылып чыгарылды.

Акындын айтымында, чыгарма жанры боюнча роман да, повесть да, аңгеме да, мемуар да, эссе да эмес. “Менин бул чыгармамда сюжет жок, бирок жеңил жана өтө кызыктуу окулат”,- дейт автор.

Быйыл жазында "Агындылар" китебинин аудиосу чыкты. Азиздер жана дүлөйлөр коомунун президенти Калык Мамбетакуновдун "Азаттыкка" айтымында, 19 саат 50 мүнөттүк аудиокитеп аталган уюмдун жер-жерлердеги мүчөлөрүнө таратылып берилди.

Эл акыны Шайлообек Дүйшеев III даражадагы "Манас” орденинин, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын жана Байдылда Сарногоев атындагы Эл аралык адабий сыйлыктын лауреаты. Буга чейин анын чыгармалары жалаң поэзия жанрында жарык көргөн. (RK)

XS
SM
MD
LG