Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:25

Кыргыз боз үйү ЮНЕСКОнун тизмесине кирди


Боз үйдү ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү боюнча добуш берүү шейшембиде Парижде өттү. Ага ылайык, көчмөн элдердин боз үйү Кыргызстан менен Казакстандын биргелешкен аракети менен дүйнөлүк мурастар тизмесинен орун алды. Добуш берүүдө 170тен ашуун мамлекеттин өкүлдөрү боз үйдү кыргыз менен казакка таандык орток мурас деп тааныды.

Буга чейин Сулайман тоо, “Манас” үчилтиги, шырдак, ала кийиз жана тарыхый аталыштары Суяб, Баласагын шаарлары бул тизмеден орун алган болчу. Кыргызстандык делегациянын жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковдун билдиргени боюнча кийинки кезекте айтыш, көк бөрү, Өзгөн мунарасы, Таш-Рабат жана Сафед Булан тарыхый комплекстери турат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG