Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:44

Путин: Орусия геосаясий чатактарга аралашууну каалабайт


Орус президенти бул тууралуу шаршембиде Куралдуу күчтөрдү өнүктүрүү боюнча Сочиде өткөн жыйында айтты:

- Биз эч кимди коркутпайбыз. Ошондой эле кандай гана геосаясий оюндар, интригалар болбосун аралашууну каалабайбыз. Чатактарга да. Ким, кандай жолдор менен бизди аралаштырууга аракет кылса да аралашпайбыз.

Путин “Орусиянын көз карандысыздыгын жана бүтүндүгүн сактоо менен кошо союздаш өлкөлөрдүн да эгемендиги жана коопсуздугун сактоо зарылчылыгы бар экенин бекемдеди.

Батыш Орусияны Чыгыш Украиндагы жикчилдерди түздөн-түз колдоп келатат деп айыптайт. Орусия март айында Украинанын курамындагы Крымды да аннексиялап алган.

XS
SM
MD
LG