ОПЕКке мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү – мунай экспорттоочулар бейшембиде Вена шаарында жыйынга чогулушат. Перс булуңундагы мунай казуучулар аны азайтууга барбасы күтүлүүдө. Сауд Арабиясынын мунай өндүрүү министри Али ал Наими бул жаатта булуңдагы өлкөлөр бир чечимге келишкенин айтат.
Бул чечим өз кезегинде ОПЕК тарабынан жүргүзүлүп келаткан аракеттерге каршы келет. Анткени уюм улам төмөндөп келе жаткан мунай баасынын дагы да арзандап кетүүсүн алдын алуу үчүн мунай өндүрүшүн кыскартууну сунуш кылган. Али ал Наиминин айтуусунда, Сауд Арабия, Кувейт, Катар жана Бириккен Араб Эмираттары бир позицияда. Ал ОПЕК да ушундай эле чечимге келет деп эсептейт. Мурдараак Орусия мунай өндүрүшү кыскартылбай турганын билдирген эле.
Мунайдын баасы июнь айынан тарта арзандап келүүдө. Жай башында мунайдын баррели 115 доллардан болсо, бүгүнкү күнү 80 доллардын айланасында.
Кыргызстанда болсо 1 литр күйүүчү майдын баасы дээрлик 1 АКШ долларына барабар.