Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:58

БУУ гейпропагандага каршы мыйзамды кабыл албоого чакырды


БУУнун укук коргоочулар тобу Жогорку Кеңешти сексуалдык азчылыктардын укугун чектеген мыйзам долбоорду кабыл албоого чакырды. Бул тууралуу БУУнун расмий сайтында кабарланды. Анда бул мыйзам адамдын негизги укуктарын чектеп, коопсуздугуна коркунуч келтириши мүмкүн деген чочулоо айтылат. Укук коргоочулар азыртадан эле Кыргызстанда сексуалдык азчылык өкүлдөрүн дискриминациялоо боюнча маалыматтар түшүп жатканын билдирген.

Жогорку Кеңеш өткөн айда бирдей жыныстагы адамдардын сексуалдык жакын мамилесин жалпыга маалымдоо каражаттарында пропагандалоого тыюу салган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган.

Анда гей-клубдарды ачуу, гей-жүрүштөрдү уюштуруу жана бир жыныстагы адамдардын сексуалдык мамилесин пропагандалоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Мыйзам демилгечилери бул чаралар коомдогу адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоого негиз болот деп билдирүүдө.

Бул мыйзам долбоорго АКШнын Кыргызстандагы элчилиги жана бир нече укук коргоо уюмдары камтамачылыгын билдирген. (BkA)

XS
SM
MD
LG