Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Шамарал Майчиев Сот тандоо кеңешинин төрагалыгына шайланды


Бүгүн Сот тандоо кеңешинин жаңы курамы алгачкы жыйынына чогулду. Анда кеңештин төрагасын шайлоо маселеси каралды. Жыйынтыкта кеңеш төрагасы болуп Шамарал Майчиев жана катчылыкка Нургүл Сатыбалдиева шайланды. Кийинки жыйын 4-декабрга белгиленди.

Жогорку Кеңеш Сот тандоо кеңешинин 20 мүчөсүн өткөн аптада бекиткен. Негизи кеңеш 24 мүчөдөн турат. Жалпы курамдын үчтөн бирин парламенттик көпчүлүк коалиция, дагы үчтөн бирин парламенттик оппозиция, калган үчтөн бирин Судьялар кеңеши көрсөтөт.

Коалициялык көпчүлүк дагы төрт талапкерди кароого жетишпей калган. Алардын талапкерлиги эми комитетте каралып, андан соң парламент кароосуна жөнөтүлмөкчү. (BkA)

XS
SM
MD
LG