Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:00

УКМК “Хизб-ут Тахрир” уюму өз ыкмасын өзгөрткөнүн билдирди


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет өлкөдө тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” уюму өз ишмердигин активдештирип, жаңы ыкмалар менен иш жүргүзүп жатканын билдирди. Бул тууралуу аталган органдын бүгүн тараткан билдирүүсүндө айтылат. Мындай кырдаал акыркы учурда Сирия менен Иракта таасирин күчөткөн өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук уюмдун ишмердигине байланыштуу түзүлүүдө.

Ошондой эле тыюу салынган уюмдун мүчөлөрү ыкмасын өзгөртүп, өлкөдөгү бейөкмөт уюмдардын катарына кирүү жана ар кыл окуу жайларда таасирин күчөтүү менен өз идеологиясын жайылтып жатканы айтылган. Буга байланыштуу атайын кызмат бул уюмга каршы чараларды күчөтүп жатканын билдирүүдө.

Кыргыз бийлиги 2003-жылы “Хизб-ут Тахрир” уюмун экстремисттик деп жарыялап, өлкө аймагында анын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Бул уюм Фергана өрөөнүндө халифат түзүү максатын көздөйт. (BkA)

XS
SM
MD
LG