Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын кичүү карындашы бийликтеги Эмгек партиясында жогорку орунду ээледи. Бул тууралуу мамлекеттик маалымат каражаттарында айтылды.
Жашы отузга чамалап калган Ким Е Чжон эл алдына биринчи жолу 2011-жылы атасы Ким Чен Ир менен коштошуу зыйнатында чыккан. Кийин ал агасын ар кандай саясый иш-чараларда коштоп жүргөнү байкалган.
Ким Е Чжон Түндүк Корея лидеринин элге таанымал жалгыз бир тууганы.
Буга чейин өлкөнүн экс-президенти Ким Чен Ирдин карындашы да анын жакын кеңешчиси катары белгилүү болчу. Бирок ал күйөсүнө ар кандай айыптар тагылып, өлүм жазасына тартылган соң коомчулукта пайда болбой калган.
Кимдердин үй-бүлөсү Түндүк Кореяны 1948-жылдан бери, өлкө түптөлгөндөн баштап башкарып келишет.