Бишкектеги №4 төрөтканадан бала сатууга шектелген мээрман айым Шарапат Мамырканованын апасы ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу “Азаттыкка” ачкачылык жарыялаган Калыйман Мамырканова өзү билдирди. Анын айтымында, кызына жалган жалаа жабылып, бир жылга жакын убакыттан бери камакта отурат. Мындан улам ал Бишкек шаардык сотунун имаратында ачкачылык кармап, акыйкат чечим талап кылууда.
Былтыр 5-ноябрда Бишкектеги №4 төрөт үйүндө бир айлык кыз жоголгон. Апасы операция болгонуна байланыштуу аны ошол жерде дарыгерлер карап жаткан. Ымыркайды милиция кызматкерлери 14-ноябрда Асанбай кичи районунан аталган төрөтканада дарыланып кеткен келиндин үйүнөн табышкан. Ымыркай уурдоону уюштурду деген шек менен Бишкектеги №4 төрөткананын дарыгери Бегайым Алиева, мээрман айымы Шарапат Мамырканова жана ымыркайды уурдады деген Нуржан Мекенова кармалган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ымыркай үчүн Мекенова төрөткананын эки кызматкерине 1 миң доллар төлөп берген. (TSh/BkA)