Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:02

Эл аралык күчтөрдүн 12 миңден ашык аскери Ооганстанда калат


Ооган парламентинин Жогорку палатасы 27-ноябрда көпчүлүк добуш менен АКШ жана НАТО менен коопсуздук жаатындагы эки тараптуу макулдашууларды жактырды.

Бул келишимдерге ылайык, 2014-жылдан кийин эл аралык күчтөрдүн 12 500 аскери Ооганстанда кала алат.

Парламенттин маалымат катчысы макулдашууга 102 депутаттын жетиси гана каршы добуш бергенин билдирди.

Макулдашуулар 23-ноябрда парламенттин төмөнкү палатасы тарабынан жактырылган. Жаңы ооган өкмөтү бул эки документке 30-сентябрда кол койгон.

Өлкөнүн мурдагы президенти Хамид Карзай бул келишимдерге кол коюудан баш тарткан. Макулдашууларды бекитүү өлкөдө террористтердин чабуулдары активдешкен маалга туш келди.

Бейшембиде Кабулдагы Британиянын элчилигинин автоунаасына багытталган жардыруудан беш адам набыт кетип, отуздан ашыгы жарадар болду. Курман болгондордун арасында Британиянын жараны да бар.

XS
SM
MD
LG