Ал Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча 2-декабрда өтө турган кыргыз-орус өкмөттөр аралык жыйынына катышат. Ошондой эле өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашкандай, 1-декабрда премьер-министр Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолугушат. Жолугушуу учурунда экономика, энергетика, транспорт, өндүрүш, каржы жана башка маселелер тууралуу сөз болмокчу.
Кыргызстан жаңы жылдан тартып, Орусия, Казакстан, Беларус кирген Бажы биримдигине жана Евразия экономикалык аймагына мүчө болуп кирет. Бирок экономикасы чабал Кыргызстан үчүн бул жараян бир топ кыйынчылыктарды, баалардын кымбаттоосун алып келерин адистер эскертип келе жатышат.(ZKo)