Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

Отун-энергетикалык комплексин тескөө боюнча жаңы агенттик түзүлдү


Бул тууралуу токтомго премьер-министр Жоомарт Оторбаев 27-ноябрда кол койду. Жаңы структура отун-энергетика комплексин өнүктүрүү жана тармактын көз карандысыздыгын тескөө кызматтарын бөлүштүрүү максатында түзүлгөн. Жаңы түзүлгөн орган электр энергиясы жана жаратылыш газ боюнча тарифтерди аныктап, жөнгө салуу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо милдетин аркалайт. Буга чейин өлкөдөгү электр энергиясынын тарифин аныктоодо Жогорку Кеңештин макулдугун алышы керек болчу. Бирок быйыл июнь айында кабыл алынган мыйзамга ылайык, парламент мындай укуктан ажыраган.

Агенттик түздөн-түз өкмөткө баш ийип, өндүрүшкө лицензия берүү, электр, жылуулук энергиясын иштеп чыгуу, бөлүштүрүү, сатуу, экспорттоо жана импорттоо маселелерине, ошондой эле мунай, газ иштетүү жагын да тескейт.

Өкмөт башчынын буйругу менен Каржы министрлигине жаңы агенттикти мыйзамга ылайык каржылоо жана 2015-жылдын мамлекеттик бюджетине өзгөртүү киргизүү тапшырылды.

Азырынча структураны ким жетектээри тууралуу маалыматтар жок. Мурда Отун-энергетикалык комплексти тескөө департаменти Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдында болчу.(ZKo)

XS
SM
MD
LG