Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:24

Фергюсон, Сент-Луис шаарларында абал турукташууда


27-ноябрда Сент-Луис шаарында демонстранттар мэриянын имаратына чабуул коюуга аракет жасашкан. Ошондой эле алар мэриянын алдында 18 жаштагы Майкл Браунду атып алган офицер Даррен Уилсонду соттоо учурун театрлаштырып көрсөтүштү. Имаратка кошумча күчтөр тартылып, үч козголоңчу камакка алынды.

Август айындагы ындыкара уландын полиция колдуу өлүмүнө байланыштуу сот чечиминен кийин Фергюсон, Сент-Луис аймактарында сот чечимине нааразылык күчөп, баш-аламан акциялар өткөрүлгөн. Бир нече имарат, автоунаалар өрттөлүп, кишилер жаракат алышкан. Нааразылык башка штаттарга да жайылып, шаршембиде Лос-Анжелес, Сан-Диего, Окленд, Атлант жана башка шаарларда да акциялар өттү. Эң ириси Лос-Анжелесте болуп, полиция 50дөн ашуун козголоңчуну камакка алды.

XS
SM
MD
LG