Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:07

Донецкте эки жай тургун окко учту


Украинанын Донецк шаарында кечээ эки жай тургун окко учту. Шаар администрациясы билдиргендей, 12 жаштагы өспүрүм көчөдө ойноп жаткан учурда набыт кеткен. 55 жаштагы аялдын үйүнө артиллериялык дүрмөт тийген. Соңку бир нече күндөн бери маркум жашаган район массивдүү аткылоого туш болуп келатат.

БУУнун маалыматына ылайык, ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге жетишилген 5-сентябрдан бери күнүнө орто эсеп менен 13 жоокер, жикчил жана жай тургун каза табууда.

Апрелде орусиячыл жикчилер чек ара аймактарын өз көзөмөлүнө алгандан кийин тутанган жаңжал чыгыш Украинада 4 миң 300дөн көп кишинин өмүрүн алып кетти. Улуттар уюму 20-ноябрда тараткан маалымат боюнча уруш жүрүп жаткан чөлкөмдөн бир миллионго жакын киши качууга аргасыз болгон. Акыркы 2 айда жер которгондордун саны көбөйдү.

XS
SM
MD
LG