Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Хаменеи өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүгө каршы эмес


Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи өлкөнүн ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн мөөнөтүн узартууга макул экенин айтып, эгер жыйынтык чыкпаса биринчи кезекте АКШ жабыркай турганын эскертти.

27-ноябрда Ирандын мамлекеттик телеберүүсү аркылуу сүйлөп жатып Хаменеи сүйлөшүүлөрдү дагы 7 ай улантууга каршы эмес экенин айтты:

- Өзөктүк программа боюнча сүйлөшүү калыс өтүп, туура чечим кабыл алына турган болсо биз алар менен макулбуз. Бирок ирандыктар, карапайым элден баштап жетекчилерге чейин, өз талаптарынан айтка кайтпайт.

Дүйшөмбү күнү Иран жана ортомчу дүйнөлүк державалар сүйлөшүү мөөнөтүн келерки жылдын 30-июнуна чейин узартууну чечкен болчу. АКШ жана анын союздаштары Иран ядролук программаны курал жасоо үчүн иштеп чыгууда деп айыптап келет. Ал эми расмий Тегеран бул программа медициналык жана өндүрүш максатын гана көздөөрүн айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG