Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Улуттук банк дагы 32,35 млн. долларды интервенциялады


Кыргызстандын Улуттук банкы сомдун курсун туруктуу кармап туруу үчүн 28-ноябрда кезектеги 32 млн. доллар 350 миң сомду каржы базарына чыгарды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын 19-августунан 18-ноябрына чейин Улуттук банктын интервенциясынын жалпы көлөмү 204,7 млн. долларды түздү. Бул өлкөнүн алтын корунун 9,6% түзөт. Кыргызстандын алтын корунун жалпы көлөмү сентябрдын этегинде 2 млрд. 123 млн. долларды түзгөн.

Ал эми 22-ноябрда Улуттук банктын төрага орун басары Нурбек Жеңиш 2014-жылдын башынан бери өлкөнүн алтын валюта кору 114,7 миллион долларга кыскарып, 2,1 миллиард долларды түзгөнүн билдирген. (МТо)

XS
SM
MD
LG