Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:13

Талды-Булак Сол жээкти 1-декабрдан тарта иштетүү пландалууда


Талды-Булак Сол жээк алтын кениндеги фабриканы 1-декабрдан тарта иштетүү пландалууда. Бул тууралуу “Алтын-Кен” ЖЧКсынын баш директорунун орун басары, “Кыргызалтындын” өкүлү Умар Изабаев биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев менен болгон жолугушуу учурунда билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.

- Иштин жүрүшүндө адистер кайсы жерде кемчилик бар экенин текшермекчи. Ушул жылдын аягына чейин өндүрүштү баштоо боюнча өкмөттүн тапшырмасын аткарууга бардык күчүбүздү жумшайбыз, - деген Изабаев жолугушууда.

Сарпашев компания жетекчилигине техникалык коопсуздукка жана жумушчуларга ыңгайлуу шарт түзүүгө өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

«Фабрика ишке киргизилгенден кийин андагы жумушчу орундун 90% кыргызстандыктар ээлеши керек”, - деди Сарпашев.

Кен казган компаниянын 60% үлүшү кытай тарапка, ал эми 40% “Кыргызалтынга” таандык. Адистердин эсебине ылайык, аталган кенде алтын кору 78 тоннага барабар. Алтын менен кошо күмүш жана күкүрт казып алууга болот. Талды-Булак Сол жээкке салынган инвестициянын жалпы көлөмү 184 млн. долларды түзөт. (JsO/МТо)

XS
SM
MD
LG