Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Мунай баасы 75 доллардан төмөндөп кетти


ICE электрондук соодасында Brent үлгүсүндөгү мунайдын бир баррелинин баасы 75 доллардан төмөн түшүп кетти. Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюмунун (ОПЕК) мунайдын баасы түшкөнүнө карабай аны өндүрүүнү азайтпоо тууралуу чечиминен кийин ушундай көрүнүш келип чыкты.

Рейтер агенттигинин маалыматына караганда, мунайдын баасы Түндүк Америкада сланец газынын өндүрүшү көбөйгөндөн тартып түшө баштаган. Дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсү жайлап турган учурда бул газга суроо талап көбөйгөн.

Ошого карабастан мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн министрлери бул жагдайды кризис деп атоодон алыс, алар абал мындан да начар болуп келгенин айтышууда. Алар мунай базарындагыларды дүрбөлөң түшпөөгө чакырууда.

XS
SM
MD
LG