Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:16

Ош: мектепке берилген ысымдарды өзгөртүү сунушталууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Куштарбек Кимсанов билдирди:

Шаардык билим берүү башкармалыгы бул демилгени Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылынын алкагында ишке ашырмакчы. Учурда калаадагы 53 мектептин 30% аты жок, дагы 20% аттары идеологиялык актуалдуулугун жоготкон.

Мектептердин атын алмаштырууга керектүү каражаттын көлөмү азырынча аныктала элек. Сунуш Ош шаардык мэриясынын жер-суу аттарын өзгөртүү боюнча комиссиясы карап чыккандан кийин Шаардык кеӊештин талкуусуна коюлат.

2009-жылы шаардагы бардык бала бакчалардын аттары кыргызчаланган. (YI/MTo)

 

XS
SM
MD
LG