Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:17

Түркия-Сирия чек арасында согуш уланууда


“Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери курчап алган Кобани шаары үчүн салгылашуу уланып жатат. Маалыматка ылайык, акыркы күндөрү козголоңчулар төрт жолу чабуул жасап, бери дегенде 20дан ашык адам набыт болду.

АКШ башында турган эл аралык коалициялык күчтөр жихадчыларга асмандан сокку урууда.

Сириянын күрттөр жашаган Кобани шаары эки айдан ашуун убакыттан бери “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери тарабынан курчалып турат. Активисттердин эсебинде, сентябрдын ортосунан берки уруштардан бул жерде 800дөй кишинин өмүрү кыйылды. 200 миңден ашуун киши, көбүнесе сириялык күрттөр Түркиянын чегине качып өтүүгө аргасыз болду. (TSh)

XS
SM
MD
LG