Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Диний окуу жайлардын мүдүрлөрү үчүн семинар өтүп жатат


28-ноябрда башталган "Диний билим берүүнүн жаңы концепциясы жана окутуунун бирдиктүү программасын чыңдоо" деген аталыштагы үч күндүк семинарга өлкөдөгү диний окуу жайлардын мүдүрлөрү катышууда. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты.

Семинарды Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы уюштурган. Семинар окуу тарбия иштеринин жүрүшүнө баа берүү, бирдиктүү окуу программасынын ишке ашыруу, окуу жайлардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо өңдүү маселелерди чечүү жолдорун талкуулоо максатында өткөрүлүп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG