Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:20

Карышкыр өлтүргөн окуучуга сыйлык берилет


Ат-Башы районунун Ак-Муз айылындагы карышкыр өлтүргөн 11-класстын окуучусу Болот Жунусалиевге айыл өкмөттүн Ардак грамотасы жана баалуу сыйлыгы берилет. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган айылдын башчысы Азат Капатов маалымдады.

Маалыматка ылайык, окуя он күн мурун болгон. Мектеп окуучусу Болот Жунусалиев Көк-Күмбөз деген ээн талаада мал издеп жүрүп, карышкырды кезиктирген. Ал жырткычты ат менен кубалап, үзөңгүсүн чечип, башка чаап өлтүргөн.

Ага чейин карышкыр ошол айылдагы малчылардын төрт жылкысын жеп кеткен. Негизинен Ат-Башы районунда кыш түшкөнү карышкырдын малга тиш салуусу күчөйт. Буга чейин карышкырлардын айылга чейин түшүп келген учурлары көп болгон. Жылына карышкыр жеген малдын чыгымы миллиондорду чапчыйт. Өкмөттөн бир карышкыр үчүн 5000 сом сыйлык коюлган. (TSh)

XS
SM
MD
LG