Араван районунун тургундары Төбө-Коргон айылындагы Сайликан Маткасымова орто мектебинин 90 жылдык мааракесинде Өзбекстандын гимни уктурулганы тууралуу маалыматты төгүндөгөн кайрылуу таратты. Ал кайрылууну Aravan.kg сайты жарыялады. Анда Араван районунун аксакалдар кеӊеши, Араван райондук акимчилигинин айрым кызматкерлери, Сайликан Маткасымова орто мектебинин жамааты жана райондук билим берүү башкармалыгы облус жетекчилери катышкан мектептин 90 жылдык мааракесинде өзбек гимни ойнолбогонун билдиришкен. Кайрылуудагы маалыматка караганда, мааракеде техникалык себептерден улам болгону өзбекче музыка жаӊырып кеткен.
Бирок саясий партиялардын биринин лидери, Ош облусунун тургуну Төлөгөн Келдибаев Араванда чындап эле Өзбекстан гимни ойнолгонун айтып, апта башында райондун акиминин жана анын орун басарынын алмашканын ошол гимн менен байланыштырып жатат.
Өзбек гимни тууралуу имиштер интернет колдонуучулар арасында кызуу талкуу жаратты. (YI)