Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун Балыкчы менен Жалал-Абадды байланыштырган бөлүгүндө 960 миллион сомдук жумуш аткарылды. Бул тууралуу облустук бийликтин басма сөз кызматынан билдиришти. Учурда жолдун Жалал-Абад - Калмак - Кырчын бөлүгү кыш мезгилине даярдалууда. Балыкчы- Жалал-Абад унаа жолун курууга Кыйтайдын "Чайна роуд" компаниясы тартылган. Анда иштеген жумушчулардын 70 пайызы Кыргызстандын жарандары.
Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек-Ош жолуна катарлаш түштүк менен түндүктү байланыштырчу жаңы альтернативдик жол куруу демилгесин көтөргөн. Апрель айында жолдун курулушу башталган. 460 чакырымдан ашык жолдун курулушуна алгач 700 миллион доллар сарпталат деп эсептелген. Кийин кайрадан эсептелип, ага 800 миллион долларга жакын каражат жумшалары белгилүү болгон. Буга чейин жолдун биринчи фазасын бүтүрүү үчүн Кытайдын "Экспорт-импорт" банкынан 400 миллион доллар насыя алынган. (TSh/RsK)