Бул тууралуу “Азаттыкка” республикалык кан борборунун башкы директору Бакыт Карабаев билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдөгү миң адамга алты донор туура келет. Эл аралык көрсөткүч боюнча миң кишиге кыркдан ашуун донор болушу зарыл.
Кыргызстанда өз ыктыяры менен кан тапшырып жүргөндөрдүн саны 31 миңге жетет. Алардын арасынан 3830у ардактуу донор болуп эсептелет. Ардактуу донорлорго ай сайын мамлекет 1000 сомдон акча төлөйт. (SE)