Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:57

Молдовадагы шайлоодо орусиячыл партиялар алдыда


Молдовада 30-ноябрь күнү өткөн парламенттик шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы көрсөткөндөй, Москвага ыктаган эки партия бир топ алдыда келатат. Добуштардын 30% саналды. Борбордук шайлоо комиссиясы Социалисттик партия 23%, Коммунисттик партия 20% добуш алганын билдирди. Европага ыктаган Либерал-демократтар партиясын колдогон добуштар 17% түзөт. Шайлоого 3 миллион шайлоочунун жарымынан көбү катышты.

Бул шайлоо эки саясий күчтүн жарышы экенин, ошол эле кезде ал Молдова бийлигинин болочок багытын аныктоочу тандоо болору белгиленген. Негизги кармаш Орусия башындагы Бажы биримдиги менен жакындашууну жактаган күчтөр менен Европага ыктаган башкаруучу коалициянын ортосунда болууда.

Молдова Европадагы жарды өлкөлөрдүн катарына кирген мамлекет. Аны 2009-жылдан бери батышчыл коалициялык партия жетектеп келет. (SE)

XS
SM
MD
LG