Алмазбек Атамбаев 2011-жылдын 1-декабрында өткөөл президент Роза Отунбаевадан бийликти расмий өткөрүп алып, ант берген жана президенттик кызматка киришкен. Конституцияга ылайык, Атамбаев алты жылга шайланган.
Үч жыл мурун мамлекетти башкарууга бел байлаган Алмазбек Атамбаев коррупциялык аракеттерге каршы күрөшүүнү күчөтөрүн билдирген болчу. (SE)